Жогорку сот ырчы, куудул Жеңишбек Айтиевдин уулун өлтүргөн Анарбаев Нуржигитке карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.
Белгилүү болгондой, Анарбаевге карата мурда да өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.
Айыпталуучунун жакындары чечимге нааразы болушуп Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 29-декабрда өкүмдү күчүндө калтырган.
Эске салсак, 2016-жылдын 21-октябрында Айтиевдин 12 жаштагы уулун айыпталуучу бир нече жолу бычактап, бала ооруканага жетпей каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн