Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп милициянын полковниги Жоробеков Жеңишбек Мамаюнусович дайындалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тиешелүү буйрукка 27-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон.
Жоробеков Ош ОИИБдин начальниги Жеңиш Абитовдун ордуна дайындалган.
Ал эми Жеңиш Абитов мындан ары Жалал-Абад облустук милициясын жетектейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн