Кулжа 02, 2024
Убакыт: 03:29
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар жерлерге көчөттөр отургузулду

02.04.2020 17:31
842
Жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар жерлерге көчөттөр отургузулду


Өлкө аймагындагы кооптуу жерлерге бак-дарактар отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, "Жашыл долбоор" иш-чараларынын алгакында 5735 даана көчөт 13,3 га отургузулду. Республика боюнча жалпы аянты 111,35 га түзгөн 80 участкага 101 625 даана көчөт отургузуу жана 160 кг урук себүү жагы каралган.


Тийиштүү иш-чаранын натыйжасында 986 турак жай, 5 мектеп, 1 имарат, 1 стадион, 5 сарай, 1 насостук станция, 2 мүрзө, 5 эстелик, 1 суу түтүгү, 3,7 км ички чарбалык жол, 24 км арык,  67,3 га жер аянты, 30 айдоо жери селден жана көчкүдөн корголору айтылды.


Белгилүү болгондой, “Жашыл долбоордун” негизинде аймактардагы дарыялардын жана сел жүрүүчү кооптуу жээктерди бекемдөө максатында  иштер аткарылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн