Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жер мунапысын ишке ашыруу боюнча жыйында тапшырмалар берилди

17.03.2023 14:53
352
Жер мунапысын ишке ашыруу боюнча жыйында тапшырмалар берилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-марттагы № 43 тескемесине ылайык түзүлгөн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жерлерге мунапыс берүү боюнча комиссияларга көмөк көрсөтүү жана аларга усулдук жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.  

 

Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси болуп бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев белгилегендей, негизги максат жер-жерлерде мунапыс жүргүзүү боюнча комиссияларга жерге мунапыс берүү процессин тездетүү үчүн максималдуу жардам көрсөтүү.  

 

“Кыска мөөнөттүн ичинде жерлерге мунапыс берүү жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүп, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл. Акыр-аягы, биз өз максатыбызга жетишибиз керек – “Жер-укук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кирген турак жайларга бардык укук белгилөөчү документтерди берүү менен жерге мунапыс жүргүзүү”, - деди ал.

 

Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө белгиленгендей, жобонун нормалары төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

 

- газ куурлары, жогорку чыңалуудагы электр линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдүн, мал көмүлгөн жерлердин, таштанды таштоочу жайлардын буфердик зонасында уруксатсыз курулган жер участоктору; социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин курууга арналган жерлер; калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери;

 

- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, алар боюнча сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар зонасына кирген жер участоктору, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттери бар жер участоктору, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объекттери, маданият жана эс алуу парктары, ботаникалык парк;

 

- "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" жана "Суу фондунун жерлери" категорияларындагы жер участоктору, ошондой эле үрөн чарбаларынын, асыл тукум чарбаларынын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илим-изилдөө мекемелеринин жер участоктору.

 

“Жерге мунапыс берүү маселеси айрым учурларда мыйзамдык карама-каршылыктарга жана айрым мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан улам келип чыккандыктан, карапайым эл чиновниктердин босогосуна келип, убактысын жана нервин коротпоосу керек”, - деп баса белгиледи Айбек Жунушалиев.

 

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга жана административдик ведомстволорго бир катар тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн