Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:17
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жергиликтүү кеңеш. Жүздөгөн добуштар жокко чыгарылды

15.04.2021 13:35
1307
Жергиликтүү кеңеш. Жүздөгөн добуштар жокко чыгарылды


Жергиликтүү шайлоодо көчмө урналар  берилген жүздөгөн добуштар жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде “Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.


 Анын айтымында, көпчүлүк жокко чыгарылган добуштар Бишкек шаарынын усатокторуна тиешелүү.


“Жалпы республика боюнча 15 участокто 461 добуш жокко чыгарылды. 15 участоктун алтоо Бишкекте. Шайлоонун жалпы жыйынтыгына бул таасир эте албайт”.


БШКнын маалыматына караганда, 10-14-апрелде шайлоочулардан, саясий партиялардан жана “Жалпы иш”, “Клооп медиа” уюмдарынан Бишкек боюнча 54 арыз-даттануу түшкөн. Алардын негизинде №№ 1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312 шайлоо бекеттериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн