Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жергиликтүү кеңешке катышуучу партиялар күрөө акчасын төлөй баштады

26.02.2021 13:10
502
Жергиликтүү кеңешке катышуучу партиялар күрөө акчасын төлөй баштады

БШКга шайлоого катышууну көздөгөн эки партия шайлоо күрөөсүн койду. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 'Кыргызстан коммунисттер" партиясы жана "Эмгек" партиясы шайлоо күрөөсүн төгүп бүткөн. Күрөө суммасы 50 миң сомду түзөт.



Ал эми "Республика" жана "Ата Мекен" партиялары жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу үчүн билдирүү тапшырышкан. Тараптар ошондой эле өз ишенимдүү өкүлдөрүн тааныштырышкан.


"Бирге-Вместе" партиясы шайлоо жарышынан баш тартып, документтерин кайтарып алган.


25-февралга карата билдирүү тапшырган партиялардын тизмеси:



1."Ыйман Нуру".

2."Ата Мекен".

3."Мыйзамдаштыруу".

4."Эмгек".

5."Бүтүн Кыргызстан".

6."Улуу Журт".

7."Кыргызстан социал-демократтары".

8."Патриот".

9.'' Кыргызстан элдик демократиялык партиясы"

10."Тандоо эркиндиги".

11. ''Ишеним''.

12. ''Кыргызстан коммунисттеринин партиясы''.

13."Ынтымак".

14."Замандаш".

15."Кыргызстан Демократиялык Кыймылы" партиясы.

16."Реформа".

17."Биздин адамдар".

18."Ак бата".

19.''Кыргызстан Жаштар Прогрессивдүү партиясы''.

20. Республикалык "Улутман" партиясы.

21."Кыргызстан".

22.Кыргызстандын "Тынчтык" Элдик патриоттук партиясы.

23."Айкөл Кыргызстан".

24."Республика".

25. "Жашылдар" партиясы


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн