Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 00:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоо жылдырылат

22.03.2020 14:30
750
Жергиликтүү кеңештердеги шайлоо жылдырылат


Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу апрель айында өтө турган жергиликтүү шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат. Мындай чечим 21-мартта өткөн Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган.


Эми шайлоону жылдыруу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул жарлык күчүнө кирери менен шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери өлкөдө эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин токтотулат. 


Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн