Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жокко чыккан жок, жөн гана добуш берүү күнү башка учурга жылдырылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Депутат Эльвира Сурабалдиева: “Жергиликтүү
кеңештерди шайлоонун күнү дайындалды беле? Эл арасында парламенттик шайлоо
менен жергиликтүү кеңештерди шайлоо бир күндө өтөт экен” деген сөздөр жүрүп жатат. Бул чынбы?”,
- деп сурады.
Шайлдабекова бул суроого жооп берип жатып билдиргендей, 12-апрелде өтө турган шайлоо эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу максатында жылдырылган, бирок шайлоо жокко чыккан эмес.
“Добуш берүү качан өтөөрү БШК өкмөт менен макулдашкандан кийин чечет. Азырынча так дата аныктала элек, себеби бул маселе эпидемиологиялык абалдын өнүгүшү менен байланыштуу. Менин оюм боюнча, жергиликтүү кеңешти шайлоо өз алдынча эле парламенттик шайлоого чейин өтсө жакшы болмок. Себеби шаардык кеңештерге каттоо аяктап, үгүи иштери башталып калган болчу”, - деди БШК төрайымы.
Ошондой эле ал жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн тизмеге катталган талапкерлердин тизмеси эч качан жокко чыкпай турганын жана шайлоонун жарыяланышы менен алардын статусу калыбына келтирилээрин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн