Кулжа 06, 2025
Убакыт: 19:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

05.06.2025 10:28
40
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 


Кабыл алынган мыйзамдын максаты болуп болуп жергиликтүү коомдоштуктун ортосундагы социалдык жана башка жаңжалдардын алдын алуу жана аларга каршы аракеттенүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин укуктук негизин түзүү саналат.


Кабыл алынган мыйзам менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынынын 27-беренесине толуктоо киргизүү каралган, ага ылайык жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине социалдык биримдикти чыңдоого жана коомдогу социалдык чыңалуунун алдын алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу кирет. 


Мында, социалдык биримдик деп анын мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара ишеним жана урмат-сый сакталган, ошондой эле ар түрдүү социалдык, маданий жана этностук топтордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана өз ара түшүнүшүү камсыз кылынган коомдун абалы түшүнүлөт.


Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн