Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

12.06.2020 20:20
1051
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды


Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 14 талапкер, Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын административдик сотторуна 2 талапкер жана Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер болуп, жалпы 17 талапкер боюнча соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо сунуштары келип түшкөн.

2020-жылдын 6-июнунда мамлекет башчысы кээ бир талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчы тарабынан 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча президент тарабынан Жарлыктар чыгарылды.

Тандалып алынган 16 талапкер жергиликтүү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн