Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

13.07.2023 13:38
243
Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине жана КР Укук бузуулар жөнүндө кодесине жазапулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолу менен жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруунун жагдайларын караган укук бузуулар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодекси жаңы 2121 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталат.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда Министрлер кабинетине:
– жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо;
– азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн