Кулжа 14, 2025
Убакыт: 10:58
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Жети-Өгүз районунда 1,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

13.06.2025 16:32
30
Жети-Өгүз районунда 1,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 2007-жылы Кичи-Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги 1,4 гектар жерди Жети-Өгүз районунун тургунунун жеке менчигине, алма багы отургузулду деген шылтоо менен өткөрүп беришкени аныкталган.


Бирок, жеке менчикке өткөн учурда жана ушул күнгө чейин бул жер тилкесинде аны өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча эч кандай иш жүргүзүлбөгөндүгү белгилүү болду.


Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнгөн менчик ээси Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансына 1,4 га жерди өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн