Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жети-Өгүз районунда 7 карагайды мыйзамсыз кыйган эки жаран аныкталды

26.01.2022 09:31
622
Жети-Өгүз районунда 7 карагайды мыйзамсыз кыйган эки жаран аныкталды

 эки жаран мыйзамсыз бак кыйганга шектелүүдө.


Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак кыюулардын алдын алуу жана аныктоо максатында комплекстүү иш чаралар өткөрүлүүдө. Алып айтканда, 24-январь күнү аталган кызматтын кызматкерлерине, Жети-Өгүз курортунда, жергиликтүү тургун, өз үйүндө мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.


Маалыматты текшерүү учурунда, 51 жаштагы А.Кнын. үйүнүн короосунда ар биринин узундугу 5-5,5 метрди түзгөн 16 даана тянь-шань карагайы табылган. Үйдүн ээси, кыйылган карагайларга тийиштүү уруксат берүүчү иш кагаздарын милиция кызматкерлерине көрсөтө алган жок.


Ошол эле күнү, туристтик-экологиялык милициянын дагы бир тобунун кызматкерлери тарабынан, Жети-Өгүз токой-чарбасынын тилкесинен, Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Бнын. башкаруусундагы Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган.


Текшерүү учурунда, автоунаанын ичинен уруксаткагаздары жок 7 даана тянь-шань карагайы табылган. Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иш кагаздары толтуруп, юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн