Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 15:00
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Жети-Өгүздө унаа даракты сүзүп, эки адам жаракат алды

Жети-Өгүздө унаа даракты сүзүп, эки адам жаракат алды

Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 187-чакырымында Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.


Кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган А.М жана 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу 2 эркек киши аркандай жаракат алышкан.


Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн