Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жетишип калыңыз. Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды

10.04.2023 09:33
227
Жетишип калыңыз. Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо бүгүн, 10-апрель, саат 09:00дө башталды.


Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).


Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.


Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.


10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн