Бишкекте жигит сүйлөшкөн кызынын 17 жаштагы курбусун зордуктап салган. Бул тууралуу кыздын жакындары "Кактус.медиага" билдирди.
Алардын айтымында, кыз университетке тапшырып, каникулда тигүүчү цехке жумушка орношкон.
27-августта жумуштан кайтканда, кыздын курбусу жана анын жигити үйүнө жеткирүү үчүн унаасына отургузуп алган. Жигиттин сүйлөшкөн кызы унаадан түшкөндөн кийин кызды зордуктап салган.
Ата-энеси милицияга арыз жазган. Иш КЖБРне катталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн