Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жыл башынан бери Кыргызстандын экспорту 49,6 пайызга өскөн

27.11.2023 15:40
708
Жыл башынан бери Кыргызстандын экспорту 49,6 пайызга өскөн


Кыргызстандан тышка сатылган товарлардын көлөмү 49,6 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет тараткан маалыматтарда айтылат.


Январь-сентябрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 26,2 пайызга жогорулаган (баш-аягы 10,8 миллиард долларга жеткен).


Экспорт быйылкы жылдын тогуз айында былтыркы аталган мезгилге салыштырмалуу 49,6 пайызга (1,4 миллиард долларды түзгөн) жогорулаган. Евразиялык өнүктүрүү банкы бул металлдардын сатылышынан улам болгонун түшүндүрдү.


Импорт Кытай, Япония, Корея, Германия жана АКШдан келип жаткан автоунаа жана жабдуулардын эсебинен 21,6 пайызга өскөн.


"Жылдын аягында экспорттун импортко үстөмдүк кылышынан улам соода балансынын тартыштыгы кыскартуусун улантат деп турабыз", — дешкен Евразиялык өнүктүрүү банкынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн