Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 06:00
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Жыл башынан бери Жогорку Кеңешти камсыздоого жарым миллиард сарпталган

05.07.2023 09:44
396
Жыл башынан бери Жогорку Кеңешти камсыздоого жарым миллиард сарпталган


Январь-июнь айларында Жогорку Кеңешти камсыздоого  571,7 миллион сом сарпталган. Бул маалыматтарды Каржы министрлиги билдирди.


Белгиленгендей, каражаттын көбү эмгек акы төлөөгө кеткен – 398,5 миллион сом. Мындан тышкары, дагы 57,2 миллиону башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга жана 53,9 миллиону Социалдык фондго чегерүүлөргө жумшалды.


Командировкаларга кеткен чыгымдар 15,5 миллион сомду, байланыш кызматына 2,3 миллион сомду түздү.


Кошумчалай кетсек, 12,6 миллион сом Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фонду болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн