Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жыл башынан бери бюджетке 2,5 млрд сом түшпөй калды

19.03.2020 16:53
652
Жыл башынан бери бюджетке 2,5 млрд сом түшпөй калды


Чек ара аркылуу жүк ташуу кадимки режимде ишке ашырылууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.


Анын айтымында, чек аралары жабык болгон шартта да, жүк ташуу үчүн чектөөлөр болбошу керек.


"Мен Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен эки ирет сүйлөштүм. Биздин пикирлерибиз келишет", - деди премьер.


Жыл башынан бери бюджетке 2,5 млрд сомдон ашык салык түшпөй калды. Бирок бул калктын саламаттыгына салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт. "Биз бул нерседен өтүшүбүз керек. Өкмөт жарандардын алдында өзүнө алган бардык социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев, ал түзүлгөн кырдаалда иш-аракеттердин бардык алгоритмдерин так аткаруу жалгыз туура кадам экендигин белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн