Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жыл башынан бери дизель майы 30 пайызга кымбаттаган

03.10.2022 11:03
871
Жыл башынан бери дизель майы 30 пайызга кымбаттаган


2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда дизель майынын баасы 17,55 сомго же 30 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.


Эгерде 2022-жылдын 3-январында дизель майы республика боюнча орточо эсеп менен 58,21 сомду түзсө, сентябрдын аягында анын баасы 75,76 сомго жеткен. АИ-95 1,71 сомго, АИ-92 2,06 сомго кымбаттады.


Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дизель майы 24,25 сомго, же 47 пайызга кымбаттады.


Бензиндин баасы да кымбаттады. Былтыркыга салыштырмалуу АИ-92 4,31 сомго, АИ-95 4,84 сомго кымбаттады.


Акыркы бир айда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 39 тыйынга, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1,44 сомго арзандаганы байкалды. Дизель майынын баасы өзгөргөн жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн