Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жыл башынан бери салык кызматы белгиленген планды 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарды

06.09.2023 11:02
760
Жыл башынан бери салык кызматы белгиленген планды 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарды


Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-август айларында 158 млрд 25,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,1 млрд сомго көп жыйналган.

Чогулган сумманын 116 млрд 551,7 млн сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474,2 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү аркылуу пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткара алды.

Контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу салыктык башкаруу системасына инновациялык ыкмаларды киргизүү да өз салымын кошту.

Мындан тышкары, экономиканын ар кайсы тармактарын системалуу талдоо жана мониторинг жүргүзүү бизнести көмүскөдөн чыгарууга жана салык чогултуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн