Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 13:14
USD
87.40
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.025
1.065

Жыл башынан бери тышкы сооданын көлөмү 12,1 млрд долларды түздү, - Жапаров

14.11.2024 11:51
670
Жыл башынан бери тышкы сооданын көлөмү 12,1 млрд долларды түздү, - Жапаров


9 айда тышкы сооданын көлөмү 12,1 млрд долларды түзүп, 8,4%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, экспорт 28,2%га өсүп, 2,8 млрд долларды түздү, ал эми импорт 3,7% өсүү темпи менен 9,3 млрд долларга жетти.

"Улуттук банк жана Финансы министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2022-жылдагы 14,7%дан 2023-жылы 7,3%га чейин төмөндөп, 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 4,2%ды түздү", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн