Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жыл жыйынтыгына байланыштуу ИИМде кызматтык алмашуулар орун алды (Тизме)

15.02.2021 10:28
1053
Жыл жыйынтыгына байланыштуу ИИМде кызматтык алмашуулар орун алды (Тизме)


2020-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен коллегиянын чечимдерине ИИМдин жетекчилик  ротация жүргузүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Ага ылайык Нарын ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Аалиев Улан Карыбекович ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулуп Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын начальниги кызматына дайындалды.


Бишкек ШИИББнын начальниги, милициянын полковниги Джумагазиев Канат Сагынович. Ысык Көл облустук  милицияны чыңдоо максатында Ысык Көл ОИИБнын начальниги кызматына дайындалды. Ал эми Ысык Көл ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Асанбаев Улан Кубатович ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулду.


Ал эми Талас ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Жумабеков Алмазбек Артисбекович, Нарын областтык  милицияны чыңдоо максатында Нарын ОИИБнын начальниги кызматына дайындалды.


Баткен ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Мамасеитов Акылбек Садырбекович Ош шаардык милицияны чыңдоо максатында Ош ШИИБнын начальниги кызматына дайындалды.


Ош ШИИБнын начальниги, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович, Баткен облустук милицияны чындоо максатында  Баткен ОИИБнын начальниги кызматына дайындалды.


Талас ОИИБнын начальнигини милдетин убактылуу аткаруучу болуп ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Асанов Марлис Сурапбекович дайындалды.


ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын полковниги Матмусаев Бакыт Аманович, Бишкек шаардык милицияны чыңдоо максатында Бишкек ШИИББнын начальниги кызматына дайындалды.


Ал эми Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын начальниги, милициянын полковниги Султанов Уланбек Алымбаевич ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги  кызматына дайындалды.


Ошондой эле Жалал Абад областынын Ала Бука РИИБүнүн начальниги, милициянын полковниги  Ормонов Замирбек Токтоназарович ээлеген кызмат ордунан  бошотулуп Токтогул  РИИБүнүн начальниги кызматына дайындалды.


Ал эми Токтогул РИИБүнүн начальниги, милициянын полковниги Сулайманов Райымбек Атаханович Ала Бука РИИБүнүн начальниги кызматына дайындалды.


Андан сыртары ИИМдин жетекчилик курамына  дайындоолор боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен милициянын полковниги  Абитов Жеңишбек Эсеналиевич Ош областтык ИИБнын начальниги кызматына, милициянын полковниги Осконбаев Конокбай Джумашевич ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын начальниги кызматына, милициянын подполковниги Бурканов Нурланбек Орозматович Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн начальниги кызматына, милициянын подполковниги Мырзамамытов Айылчы Асанович Жалал Абад областынын Аксы РИИБинин начальниги кызматына дайындалышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн