Кыргызстанда катталган кырсыктардын көбү – өрт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 823 өрт кырсыгы катталды.
“Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 227 млн сомду түздү. Андан 16 адам каза болду”, - деди ал.
Министр быйылкы өрт кырсыгынын эң чоңу “Дордой” базардагы өрт жана Чүйдөгү 223 бука күйүп кеткен сарай болгонун белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн