Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жылдыз Жолдошева: Казино, арак, сойкулук улутубуздун түбүнө жетет

28.04.2021 09:42
1235
Жылдыз Жолдошева: Казино, арак, сойкулук улутубуздун түбүнө жетет


Урматтуу мекендештер, казинолор боюнча мага көптөгөн сурооңорду узатып жатасыңар. 


Ага да жооп берип коёюн.


КР ЖКнин 5-чакырылышынын депутаттары казинолорду, букмекерлерди ж.б. кумар оюндарын ойното турган жерлерди жапканбыз.


Анткени, миңдеген энелердин көз жашына чыдай алган эмеспиз. Канчалаган жаштар үйлөрүн эле сатуу менен чектелбестен, кумар оюнунан карыз болгон акчасын төлөй албай асынып өлүшкөн... Бул да ачуу чындык.


Кечээ, президент Садыр Жапаровдун "казино" боюнча берген интервьюсун көрүп, "жакамы" кармадым. Чын эле Садыр Жапаров кумар оюндарын колдоп жатабы деп.


Кайсы саясатчы, кайсы казинонун ээсинен акча сураптыр? Ачыктап бериңиз, Садыр Нургожоевич. 


Туристтер үчүн гана казинолор, ар бир облустардын борбор шаарларында ачылат дейт. Кечиресиз, Садыр иним, "коронавирус" илдети дүйнө жүзүн каптап турганда... Парижге туристтер барбай калган учурда, бизге кайсы турист келет? Реалдуу болбойлубу?


Экинчиден, биздин жарандар казиного кирбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

 

Кыргыз эли бир ууч калк келет, кумар оюндар бар жерде, сойкулук жана чылым (наркотика) кошо жүрөт. Улуттун түбүнө жетиш оңой эле, кумар оюну, арак, сойкулук, наркотика ж.б.у.с.


Садыр иним, казинолорду ачуу боюнча, оюңдан кайтчы. Бюджетке акча толтурам десеңер, "контрабанданы" ооздуктап, жөнгө салып койгула, ишеничтүү айта алам миллиондогон сомдор эле эмес, долларлар казынага түшөөрүнө.


Жылдыз Жолдошева

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн