Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолдошова социалдык тармактарда бийликти күч менен басып алуу тууралуу маалымат боюнча суракка чакырылган.
Ал бүгүн саат 14:00дө суракка кирген бирок, тергөөчүлөргө сурак берүүдөн баш тартып кайтып чыккан.
Аталган иш боюнча бир катар саясатчылар ИИМге сурак берип, Курсан Асанов жана Алмаз Сарыбаев кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн