Адамдарды “сени муунтуп өлтүрсөм” деген ойдон арылтыш үчүн кээде аларды күлдүрүш керек болот.
(Бернард Шоу)
Мен күлгөн аялдарды жакшы көрөм. Себеби, күлгөн аял бейгам. Аларды каалаган жагыңа ээрчитип барып, акчасын тоноп, атүгүл күйөөгө берип ийсең да болот.
(Иван Ургант)
Каткырып күлүү менен ооруну жашыра албайсың.
(Марина Цветаева)
Күлкү – бул күн: ал адамдын жүзүнөн кышты кууп кетирет.
(Виктор Гюго)
Адамдар аларды күлдүргөн кишилерге туруштук бере алышпайт.
(Сомерсет Моэм)
Эң көп азап тарткан кишилер эң көп күлүшөт.
(Евгений Петросян)
Күлбөй туруп өлгөнгө караганда, бактылуу болбосоң да күлгөн жакшы.
(Франсуа де Ларошфуко)
Артынан караганда ыйлап жаткан киши да, күлүп жаткан киши да бирдей көрүнөт.
(Мел Брукс)
Менин күлкүмдү эмес, күлкүнүн түпкүрүндөгү ыйымды уккула.
(Александр Блок)
Адамдар ыйлабаш үчүн күлүшөт.
(Хэролд Шехтер, Дэвид Эверит)
Адамдарды күлдүргөнгө караганда ыйлаткан оңой.
(Вивьен Ли)
Күлгөндү билген киши жарды эмес.
(Альфред Хичкок)
Сен өзүңдү өзүң шылдыңдап күлө алсаң, башкалар сени шылдыңдай албай калышат.
(Алексей Иванов)
Жылмаюу – жаңы жашоо. Күлкү жаңырып турганда өлүм келбейт...
(Мария Семенова)
Тилиң менен эмес, ишиң менен күлдүр!
(Льюис Кэрролл)
Күлкү бар үйгө бакыт келет.
(Жапан накылы)
Турмуштун оорчулугун жеңил кылган үч нерсе бар: күлкү, уйку, анан үмүт.
(Мария Домбровская)
Сен күлсөң бүт дүйнө сени менен кошо күлөт, ыйлаганда болсо жалгыз өзүң ыйлайсың.
(Элла Уилер Уилкокс)
Мен күлүп атам – бул менин ыйлап жатканымды билдирет.
(Виктор Гюго)
Эгер күлкү чындап эле өмүрдү узартчу болсо, анда мен дегеле өлбөйм го.
(Хайден Панеттьери)
Доордун трагедиясы анын күлкүсүнөн көрүнөт.
(Станислав Ежи Лец)
Жылмайып туруп өлгөн – өлүмдөрдүн арасынан эң мыктысы.
(Эдгар Аллан По)
Менин кайгым кимдир бирөөнүн күлкүсүнө себеп болушу мүмкүн, бирок менин күлкүм эч кимдин кайгысына себеп болбошу керек.
(Чарли Чаплин)
Эң акыркы болуп күлбө, “жираф” экен деп ойлоп калышпасын.
(Михаил Мачич)
Сөзүң канчалык чын болсо, эл ошончолук көп күлөт.
(Гарик Гарламов)
Күлгөн киши кек сактабайт, себеби, күлгөн кечиргендикти билдирет.
(Василий Ключевский)
Күлкүгө тыюу салынган жерде ыйлаганга деле болбойт.
(Станислав Ежи Лец)
Улуу кайгы менен күлкү дайыма бири-бирине жанаша жүрөт.
(Джон Леннон)
Сени баары эле күлдүрө албайт, бирок көрүнгөн эле киши ыйлатып коюшу мүмкүн.
(Билл Мюррей)
Кээде күлгөндөн деле жүрөк ооруп калат, кубанычтын аягы кайгы менен бүтөт.
(“Инжил”)
Күлкү – бул ички эркиндик.
(Джеймс Крюс)
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн