Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өттү

27.05.2022 19:34
1284
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 27-майда, видеоконференция форматында ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны болуп өттү.


Иш-чара Беларус Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өттү. Байкоочу өлкө лидерлери катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышып, ал эми Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель видеокайрылуу жасады.


Кеңейтилген жана чакан курамдагы жыйында ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылы ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу жана башка актуалдуу маселелер каралды.


ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен Биримдиктин мүчө өлкөлөрүнүн евразиялык интеграциясын тереңдетүүгө жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн