Жалган курандын 12, 2025
Убакыт: 21:55
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
0.995
1.045

Жогорку Кеңеш АӨБнан жол оңдоого кредит жана грант алууну 3-окууда жактырды

12.03.2025 16:26
16
Жогорку Кеңеш АӨБнан жол оңдоого кредит жана грант алууну 3-окууда жактырды


Жогорку Кеңеш Барскоондон Караколго чейинки Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 миллион доллар алууну үчүнчү окууда жактырды.


Мыйзам долбоорунун документинде АӨБ төлөмдөрдү 32 жылга, анын ичинен 8 жыл жеңилдетүү менен 87 миллион доллар кредит бере турганы айтылат. Жеңилдетилген мезгилде кредиттин ставкасы 1 пайызды, андан кийин жылдык 1,5 пайызды түзөт. Калган сумма грант болуп саналат.


Долбоорду каржылоонун жалпы көлөмү, Министрлер Кабинетинин маалыматы боюнча, 137,04 миллион долларды түзөт, анын ичинен 27,54 миллион доллары Министрлер Кабинетинин биргелешкен каржылоосу, тагыраак айтканда, салыктардан жана жыйымдардан бошотуу.


Документте ар биринин туурасы 3,5 метр болгон төрт тилкелүү жол салынаары жазылган. Долбоордун алкагында тротуарларды, аялдамалар, көчөлөрдү жарыктандыруу, сугат арыктары, көпүрөлөрдү реконструкциялоо да каралган.


«Долбоор ошондой эле эс алуучу жайларды, анын ичинде электр унааларын заряддоо станцияларын камсыздайт, аялдар үчүн бизнес-акселератор программасын камсыздайт, жол активдерин башкаруу, жол коопсуздугу жана декарбонизация чөйрөлөрүндө институционалдык потенциалды күчөтөт», - деп айтылат негиздеме документте.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн