Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 15:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

22.06.2023 19:31
577
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди


Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун караган комиссия корутундусун парламентке тапшырды.


Депутаттык комиссиянын чечимине 61 эл өкүлү макул деп добуш берсе, 17си каршы добуш берди.


Маалым болгондой, депутаттык комиссия Мадумаровду сунушталган төрт берененин бири – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (кыргыз-тажик чек арасындагы 275 метр асфальт жол) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун Башкы прокурорго берүү боюнча бүтүм чыгарган.


Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча (кылмышка даярдануу, бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык) комиссия кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болгон эмес.


Мадумаров өзү тергөө менен кызматташып, сурактарга барууга даяр экенин билдирди.


Макулдук берүү боюнча талкуу жабык эшик артында өттү. Добуш берүү да жабык өттү.


Белгилей кетсек, 31-майда ЖКга Башкы прокурордон депутат Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. ЖК Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча комиссия түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн