Жогорку Кеңеш Түркия менен Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк ооруканасын биргелешип башкаруу келишимин үчүнчү окууда кабыл алды.
Келишим Түркияда жылына эң көп дегенде 20 кыргызстандык дарыгерди окутууну, ошондой эле Кыргызстанда дарыгерлерди жана медициналык адистиктерди даярдоо боюнча билим берүү программаларын жакшыртууну колдоону камтыйт.
Биргелешкен башкаруу келишими беш жылга түзүлөт жана ошол эле мөөнөткө ар бир беш жыл сайын жаңырып турат. Оорукананы түрк тарап каржылайт. Каржылоо суммасы: 32 миллион доллар. Бул суммага түркиялык кызматкерлердин айлыгы кирбейт, аны Түркия оорукананын бюджетине өткөрбөй төлөйт.
Документте бейтаптар текшерүү, диагностика жана дарылоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тарифтер боюнча акча төлөй тургандыгы көрсөтүлгөн.
Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулушу 2017-жылы аяктаганы менен 2021-жылы ачылган.
2024-жылы ооруканага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылган. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн