Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КР Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету угулду.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев маалымат берди. Ал өз сөзүндө Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги багыттарына, ошону менен бирге банк секторунун учурдагы абалы жана өнүгүү тенденцияларына кеңири токтолду.
Жыйынтыгында Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету жактырылып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн