Өлкө аймагына өзгөчө абал жарыяланганына карабай Жогорку Кеңеш өз ишин токтотпойт. Мындай маалыматты парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 24-мартта ЖКнын кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда жазылган өзгөчө абал киргенде Жогорку Кеңеш өз ишин токтотпойт, деп жазылган. Эгерде зарылчылык болсо, жыйынга чогулуп, чечимдерди кабыл алуу жана башка тиешелүү иш-чараларды алып барууну уланта берет.
“Биз каникулга же отпускага кеткен жокпуз. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик менен бирге иштеп, аларга жардам берүүгө даярбыз”, - деп билдирди төрага.
Ал кошумчалагандай, бир да депутат каникулга же эмгек өргүүсүнө кетпейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн