Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

31.05.2023 11:30
223
Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды


Бүгүн, 31-май күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.


Конституциялык долбоорго 69 депутат добуш берди. Эч ким каршы болгон жок.


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптештерине ыраазычылык билдирип, тарыхый мыйзам долбоору кабыл алынганын белгиледи.


Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам долбоору кыргыз тилин колдонуунун укуктук негиздерин, тил саясатын ишке ашырууну, аларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт.


Мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда колдонууга милдеттүү адамдардын тизмеси аныкталды. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, депутаттар, аскер кызматкерлери, судьялар, менчигинин бардык түрүндөгү билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери, мугалимдер жана илимпоздор жана башкалар кирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн