Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 5-апрелде мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү четке какты.
Мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Баяндама Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев тарабынан жасалды.
Депутат Балбак Түлөбаев өткөн жолу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү суранышканын, бирок эч кандай өзгөртүү киргизишпегенин билдирди.
Ал мыйзам долбоорун четке кагып, 6 айдан кийин кароону сунуштады.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзамдын өзгөртүлүшүнө карыш добуш берди
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн