Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 05:26
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жогорку Кеңеш "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун I окууда колдоду

09.04.2025 17:58
201
Жогорку Кеңеш "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун I окууда колдоду

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.


Парламенттен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун маданият министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды. 


Анын максаты КР Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.


Ушуга байланыштуу ЖМКларды каттоонун, кайра каттоо жана алардын ишмердигин токтотуу, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин уюштуруунун ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердиги менен байланышкан башка ченемдерди иретке келтирүү сунушталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн