Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

25.11.2022 08:44
275
Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

24-ноябрда Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында “Кыргызстандын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана “Кыргызстандын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралды.


Аталган маселелер боюнча Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү маалымат берди.


Талкуу маалында депутат Нуржигит Кадырбеков илим изилдөө ишине көңүл бурууга чакырып, тармакка тиешелүү колдоо көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады.


Ал эми депутат Арсланбек Малиев почтада иштеген кызматкерлердин айлык маянасы өтө төмөн экенин белгилеп, почталарды банк катары да пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады. Өз кезегинде Акылбек Жапаров "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ишин кайрадан жандантуу менен кызматкерлердин маянасын көтөрүү жаатында тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.


Ошондой эле депутат Жылдыз Садырбаева контролдук кассалык аппараттардын наркына байланышкан маселелерге токтолсо, депутат Сеидбек Атамбаев А.Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу сөз кылды.


Андан тышкары, депутат Марат Мураталиев 50-60%ы бүтүп калган социалдык мекемелердин курулушун аягына чыгаруу зарылчылыгын айтса, депутат Улугбек Ормонов киреше берүүчү долбоорлор ишке ашпай жатканын белгиледи.


Депутат Алишер Козуев Бажы кызматындагы мүчүлүштүктөр үчүн мекеменин жамаатын толугу менен алмаштыруунун ордуна жетекчилерин алмаштыруу керектигин билдирсе, депутат Айбек Маткеримов саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын көбү айлык маянага кетип, ооруканалардагы шартты жакшыртууга жетпей калып жатканын жүйө келтирди.


Депутат Камила Талиева 62 айыл чек ара макамына ээ экенине токтолуп, толугу менен Баткен жана Лейлек райондоруна чек ара макамын берүүнү демилгеледи.


Муну менен катар депутаттар аймактарды өнүктүрүүгө, калктын социалдык абалын жакшыртууга, экономиканы алдыга жылдырууга багытталган бир катар сунуш-пикирлер айтылды.


Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн