Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 21:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Жогорку Кеңеш жаңы кылмыш кодекстерин колдоду

22.07.2021 21:36
542
Жогорку Кеңеш жаңы кылмыш кодекстерин колдоду

Жогорку Кеңеш үч кодекстин долбоорун үч окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.


Сөз башкаруу тартибине каршы укук бузуулар, кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстер тууралуу болуп жатат.


Бүгүн, 22-июлда, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко 12-июлда комитет парламенттик угуу өткөргөнүн белгиледи. Анын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинети, Акыйкатчы институту, бизнес-омбудсмен жана жарандык коомчулуктан көптөгөн сунуш-пикирлер түшкөн.

Кылмыш кодексинин долбоору боюнча 139 сунуш түшкөн, анын көбү кабыл алынганы парламенттин сайтында белгиленет.


"Негизги талкуу аталган кодекстердин 2021-жылдын 1-сентябрында же 2022-жылдын 1-январында күчүнө кирери жөнүндө болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи дата тандалды", — деди Никитенко.

Депутат Дастан Бекешев жаңы кодекстердин 1-сентябрдан тарта ишке киришине тергөөчүлөрдүн, соттордун, адвокаттардын, нотариустардын жана башка кызыкдар тараптардын даярдыгына кызыкты. Буга башкы прокурор Курманкул Зулушев бардык тараптардын макулдугу бар экенин айтып ишендирди.


Ошондой эле ал учурда 43 миңден ашык жарандын укугу бузулгандыгы жөнүндө арыздар бар экенин, дагы төрт ай күтө алышпай турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн