Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жогорку Кеңешке шайлоо: Көпчүлүк добушту кайсы партия алат?

16.11.2021 15:45
1318
Жогорку Кеңешке шайлоо:  Көпчүлүк добушту кайсы партия алат?


Шайлоонун табияты ушундай. Добуш берүүгө чейин кайсы партиялардын, талапкерлердин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү кандай экендиги  прогноздолуп, болжолдуу жыйынтыктар чыгарылат.  Элдин колдоого алуусу, шайлоочулар менен партиялардын жолугушууларынын жүрүүсү андай жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул өңүттөн алып карай турган болсок, азырынча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын дүбүртү катуу чыгууда. 


Буга чейинки шайлоолорго көз жүгүртсөк,  жолугушууларда көп эл чогултуп, шайлоо өнөктүгүн зор шаан-шөкөт менен өткөргөн партиялар сөзсүз жеңишке жетишчү. Бул  жолку өнөктүктө «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жолугушууларына эл көп келип, жүздөгөн адамдарды чогултууда. Ошол эле мезгилде кээ бир партиялар жолугушууга шайлоочуларды таппай жүрүшөт. Эл деле өзү тандаган, ылым санаган, добушун бергиси келген партиялардын үгүт иштерине катыша турганын эске алсак, анда «Ата-Журт Кыргызстан»  партиясынын  көпчүлүк добушка ээ болорун азыртан  айта берсек болчудай.  Кээ бир партиялар жолугушууларда башка партияларды каралап, сындап жатышса, «атажуртчулар» партиянын программа, максатын гана  элге так жеткирип, реалдуу ишке аша турган нерселерди айтууда. Бул жагынан «Ата-Журт Кыргызстан» үгүт ишин таза,  мыйзам чегинде жүргүзүүдө. 


Ушул жерден бир нерсени айтпай коюуга болбойт. Бул шайлоодо бардык партиялардын үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү бирдей. Буга чейин бийликчил делген партиялар үчүн админресурстар иштеп, ырчы-чоорчулардын жардамдары менен стадиондорду толтуруп келишсе, азыр шайлоо мыйзмдарына өзгөтүүлөр киргизилип, президенттин таза шайлоо өткөрүү боюнча саясий эркинин натыйжасында эч бир партияга админресурс иштебей жатат. Иштеткиси келгендерге дароо мыйзамдык  чаралар көрүлүп, кызматтарынан кетирилгенге чейин барууда.  Б.а. ар бир партия ырчыларды ырдатып эмес, программа, максаттарын, адамдык, саясий  ресурстарын жараналоо менен шайлоочуларды топтоп атышат. 


Ток этерин айтканда, жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо алдыңкы орундарды ээлеп, элдин ишенимине ээ болгон «Ата-Журт Кыргызстан» Жогорку Кеңешке шайлоодо  буга чейинкидей ийгиликти, жеңишти камсыздайт окшоп калды. Эгерде андай болсо, анда «Ата-Журт Кыргызстан» сапаттуу курам, жаңы жүздөр, реалдуу ишке ашырылчу программа  менен элдин ишенимине ээ болсо болорун дагы бир жолу көрсөтүшөт.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн