Кенжебаев Байгазы Бобунович Жогорку Кеңештин депутаты болду.
БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал «Кыргызстан» партиясынын квотасы менен Таалайбек Масабировдун ордун ээледи.
Т.Масабиров өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз менен кайрылган. Жогорку Кеңештин катталган депутатына БШК тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн