Кулжа 17, 2025
Убакыт: 01:39
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

05.06.2025 16:29
167
Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди


Борбордук шайлоо комиссиясы Муратбеков Табылды Муратбековичке Жогорку Кеңештин мандатын тапшырды.


БШКдан билдиришкендей, тиешелүү чечим 5-июндагы комиссиянын жыйынында кабыл алынып, депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылган.


Табылды Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2020-2021-жылдары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан соң Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси болуп иштеген.


Белгилей кетсек, Муратбеков Табылды Муратбекович мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. Алар экөө тең «Ыйман нуру» партиясынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн