Бүгүн, 26-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалгандыктан анын ордуна "Альянс" партиясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиев депутат болуп катталган.
БШК Эмил Жамгырчиевге депутаттык мандат жана күбөлүк берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн