Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келет

21.04.2021 15:59
944
Жогорку Кеңешке жаңы депутат келет

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-апрелдеги отурумунда Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясындагы бошогон депутаттык мандатты партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер Аманкул Токтомамбетовго тапшыруу чечимин кабыл алды. Токтомдун долбооруна БШКнын жыйынга катышып жаткан 11 мүчөсүнүн ону макул болду, бирөө каршы чыкты.


Алтынчы чакырылышка жарышка түшкөн «Бир Бол» партиясынын 2015-жылкы тизмесинде Аманкул Токтомамбетов 26-катарда турчу.


БШК ушул эле күнкү отурумунун башында парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Баяндамачы, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев жыйында Жумалиев мандатын тапшыруу арызын өз ыктыяры менен 13-апрелде тапшырганын маалымдады. Ыйгарым укуктарын токтотуунун себептери айтылган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн