Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эки комитеттин жетекчилеринин жаңы орун басарларын шайлашты.
Таалайбек Масабиров Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына шайланды. Добуш берүү алдында анын атаандаштары Шарапаткан Мажитова менен Нурлан Ражабалиев талапкерлигин алып салышты.
Гүлшаркан Култаева Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн