Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги Таштанбековдун жактоочусуна таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук соту 10-январда Акбөкөн Таштанбековдун баш коргоо чарасын карап аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Акбөкөн Таштанбековдун ишине байланыштуу тергөө амалдары аяктап, сотко өткөрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн