Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештер!
Бүгүн жаз менен кошо келген Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Карт тарыхы бар Нооруз майрамы жаңылануунун, жаңыруунун, жаздын майрамы.
Нооруз – теңдиктин, ынтымактын, кайрымдуулуктун майрамы.
Улуу күндө ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут конуп, сиздерге жаңыланууну жана жакшылыктарды алып келсин,
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, элибизде токчулук болсун",- деп айтылат депутат Азизбек Турсунбаевдин куттуктоосунда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн