Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылды

09.06.2023 17:33
575
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылды


Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы билдирди.


Ага ылайык, № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылган. Мунун натыйжасында шайлоо өткөн жок деп табылып, Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылат.


Эл өкүлү бул чечимге макул болбосо 30 күндүн ичинде Жогорку Сотко кайрылууга укуктуу.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, Көк-Жар округунан Бакиров утуп чыккан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн