Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жогорку Кеңештин депутаттары Атазов менен Токторбаев 3 сааттан ашык сурак берип чыкты (фото)

30.11.2022 23:58
486
Жогорку Кеңештин депутаттары Атазов менен Токторбаев 3 сааттан ашык сурак берип чыкты (фото)

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага сурак берип чыгышты.


Маалыматка ылайык, Атазов 3 саат, Токторбаев 3,5 саат сурак берген.


Башкы прокуратурага сурак берип чыккандан кийин депутаттар социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, алар элдин үнүн жеткирүү милдети экенин жана аларга көрсөтмө берилишинен коркпой турганын жазышты.


Бирок көп өтпөй депутаттар билдирүүлөрүн өчүрүп салган.


Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүн сынга алып, анда коррупция күч алганын ошондой эле орган "монстрга" айланганын айтышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн