Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Текстиль» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

22.03.2023 10:27
244
Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Текстиль» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты



 

 Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган депутаттар Шайлообек Атазов, Фарходбек Алимжанов, Тазабек Икрамов, Айгүл Айдарова, Миргүл Темирбаева, Аида Исатбек кызы, Эмилбек Жусупов, Айбек Осмонов, Жалолидин Нурбаев, Нилуфар Алимжанова, Винера Раимбачаева, Жылдыз Таалайбек кызы Ош шаарындагы «Кыргыз Текстиль» фабрикасынынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.


Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышты.


Жолугушууда маалым болгондой «Кыргыз Текстиль» ишканасы эл аралык сапат стандартынын талаптарына жооп берген заманбап жабдуулар менен жабдылган. 7000 жумушчу орундуу тигүү фабрика жылына 2 миллион даана продукция чыгарууга ылайыкталган. Жумушсуздукту жоюу жана өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүнү көздөгөн ата мекендик өндүрүш дүйнөлүк бренддер менен келишим түзүп, 600дөн ашык кыз-келиндерге жумуш орундары, жатакана жана тамак-ашы менен камсыздалган.


«Кыргыз Текстиль» фабрикасынын экспортоого чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Аны ар тараптан колдоого алынышы керектигин депутаттар менен бирге барган көчмө жыйындын катышуучулары да билдиришти.


Аталган фабриканын курулушу 2018-жылы башталган. Бүгүнкү күндө алгачкы этабы ишке кирип, жашап иштегенге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн