Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүнкү сессиясында кабыл алынды.
Жыйындын башында, спикер Дастанбек Жумабеков 2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну сунуш кылган. Ал мындай сунушун учурдагы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүргөн. Депутаттар спикердин сунушун колдошту.
4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери эртең, 4-сентябда башталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн